Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:23

Укук коргоочулар түркмөн журналисттерине куугунтукту токтотууга чакырууда


Солтан Ачилова
Солтан Ачилова

Эл аралык "Хюман Райтс Уотч" укук коргоо уюму жана "Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси" Азия Олимпиадалык кеңешин журналисттердин тоскоолдуктарсыз иштөөсүн камсыздоого чакырышты.

Укук коргоо уюмдары Олимпиадалык хартия медиа эркиндигин сыйлоону талап кыларын жана Олимпиадалык кеңеш жетекчилиги адилетсиз абакта жаткан журналисттерди бошотууга үндөшү керектигин баса белгилөөдө.

Билдирүүдө Түркмөнстанда медиа өтө катуу көзөмөлгө алынганы, чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын журналисттери коркутуп, опузаланып жатканы айтылган. Эркин журналист Солтан Ачиловага акыркы убактарда бир нече кол салуулар болгону мисал келтирилген.

"Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары" агенттигинин активисти Гаспар Маталаев пахта теримге мажбурлап иштетүүнү иликтегени үчүн абакта отурат. “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы Сапармамед Непескулиев болсо Каспий жээгиндеги көңүл ачуу парктары тууралуу тасма тарткандан кийин маңзат боюнча иш козголуп, 2015-жылы түрмөгө кесилген.

XS
SM
MD
LG