Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

Стамбулда “Манас” эпосунун түркчө котормосунун бет ачары болду


Түркиянын Стамбул шаарында “Манас” эпосунун түркчө котормосунун бет ачары болду. Ага Түркияда иш сапарда жүргөн өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков катышып, китептин бир нускасы Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоганга жөнөтүлдү.

“Түрк тилдүү элдердин арасында кыргыздар дүйнөлүк маданиятка «Манас» эпосу сыяктуу жана дүйнөгө белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу салым кошконун сыймыктануу менен айта алат» деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана эпос дүйнөлүк негизги тилдерге, анын ичинде орус, кытай, англис, француз, жапон, фарсы жана башка көптөгөн тилдерге которулганын кошумчалады.

Стамбул шаарында тургузулган Манас айкелинин демилгечиси жана демөөрчүсү Темирлан Сарлыкбек уулу Сооронбай Жээнбековго жана Стамбул шаарынын мэри Кадир Топбашка Кыргызстанда Осмон империясынын падышасы Фатих Султан Мехмет хандын айкелин биргелешип тургузуу сунушун айтты. Сарлыкбек уулунун айтымында, эки эл бири-биринин баатырларын барктап, тарыхына, маданиятына жана орток баалуулуктарына маани бергенде гана ынтымак, биримдик бекемделет.

«Манас» эпосунун манасчы Сагымбай Орозбаковдун айтуусундагы варианты боюнча басылма толугу менен түрк тилине которулду. Китеп легендарлуу манасчынын быйыл белгиленүүчү 150 жылдык мааракесине арналып чыгарылды. Которуу иши 8 айда жыйынтыкталды. Эпосту түрк тилине которгондор Абдрасул Исаков, Бакыт Сагынбеков, Гүлдана Мурзакулова, Мирланбек Нурматов жана Нажийе Ата Йылдыз. (ElB)

XS
SM
MD
LG