Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Ысык-Көлдө жугуштуу оорулар үчүн оорукана жетишсиз экени аныкталды


Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери Олег Горин 9-10-август күндөрү Ысык-Көлдөгү ооруканаларды кыдырып, жугуштуу илдет менен кайрылгандар үчүн орун жетишсиз экенин айтып чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Ысык-Көлдүн аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү 100 орунга ылайыкташканы менен азыр 15 гана киши дарылана алат.

Бирок эс алуу учурунда бул жайга кайрылгандардын саны кыйла көп болгондуктан, дагы кошумча 25 орунду пайдаланууга берүү керек экени аныкталды.

Олег Горин Чолпон-Ата шаарынын башчысы жана жергиликтүү бийлик менен жолугуп, туристтик мезгил учурундагы ооруканалардын иштөөсүн текшерди. (BCh)

XS
SM
MD
LG