Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

Президент жердин трансформациясы боюнча мыйзамды артка кайтарды


Жаңы конуш
Жаңы конуш

Президент Алмазбек Атамбаев жерлерди трансформациялоо тууралуу мыйзамга кол коюудан баш тартты. Мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн кайра кайтарылганын бүгүн "Азаттык" радиосуна президенттин аппараттын маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Үсөнов билдирди:

- КРнын мыйзамына каршы пикир жиберилди. Төрт каршы пикир бар. Макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн кайра кайтарылды.

Жер тилкелеринин трансформацияланышын күтүп жүргөн жарандар тобу кечээ президентке кайрылышкан. «Трансформация» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү Бишкекте маалымат жыйын куруп, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевден парламентте үч окууда тең жактырылып, кабыл алынган мыйзамга кол коюуну өтүнүшкөн.

Уюмдун координатору Бекназар Айталиевдин айтуусунда, бул мыйзам кабыл алынса 2009-жылы киргизилген мораторийге чейин турак жай курулуп калган айыл чарба багытындагы жерлер трансформацияланып, мыйзамдаштырылмак.

32 райондогу 217 айыл аймагында 1983-2009-жылдары жалпы 13 миң гектар жерде 38 миң үй курулган.

«Мыйзамга кол коюлса ошол үйлөрдө жашап жаткан 47 миң үй-бүлөнүн жашоосу жакшырат эле" деп билдирген Айталиев.

"Трансформация" кыймылынын айрым өкүлдөрү эгер мыйзам ишке кирбесе бийликке каршы нааразылык акцияларды баштарын айтышкан. (KJ/RK)

XS
SM
MD
LG