Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

Ачкачылыктагы "атамекенчилер" БШК чечиминен кийинки кадамын талкуулоодо


"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун тарапкерлеринин ачкачылык акциясы уланууда. Алар БШКнын бүгүнкү чечиминен кийинки кадамдары кандай болорун азырынча чече элек, талкуу жүрүп жатат.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна акциянын катышуучуларынын бири Айбек Султанкуловдун билдирди. Анын айтымында, кечээ Медер Тилекеевдин абалы начарлап, доктурлардын жардамына кайрылууга туура келди:

- Кечээ бир балабыз кан басымы түшүп кетип, "Тез жардам" чакыртканбыз. Доктурлар аны ачкачылыкты токтот дешти, бирок ал дагы эле улантууда. Канындагы канттын жана кан басымынын деңгээли төмөндөп кетиптир.

Текебаевге президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн кыргыз тил боюнча тест тапшыруусуна уруксат берүүнү талап кылып Бишкекте беш жана Базар-Коргондо беш адам ачкачылык кармоодо.

Бүгүн Боршайком Текебаевдин тест тапшыруусуна шарт түзүүдөн баш тартты. (RK)

XS
SM
MD
LG