Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:56

Орусияда жүргүнчү ташыган эки кыргызстандык жол кырсыгына кабылды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орусияда жүргүнчү ташып бара жаткан эки кыргызстандык жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

Окуя 8-августта Оренбургда болгон. «Шевроле Ланос» жеңил унаасы менен «Мерседес-Бенц Спринтер» кичи автобусу сүзүшкөн. Алдын ала маалыматка караганда, жеңил машина автобустун маңдайынан чыгып, кагылышуу болгон.

Кичи автобустун ичинде 15 жүргүнчү - Тажикстан менен Өзбекстандын жарандары жана 2 айдоочу - кыргызстандыктар болгон.

Эч кимиси оор жараат алган эмес, баары биринчи медициналык жардам алып, коё берилген. (RK)

XS
SM
MD
LG