Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:51

AI: Иранда жаш жигит өлүм жазасына тартылды


Иран абактарында дагы 89 адам өлүм күнүн күтүүдө
Иран абактарында дагы 89 адам өлүм күнүн күтүүдө

Эл аралык мунапыс укук коргоо уюму Иранда 15 жашында камалган Алиреза Тажики 10-августта, 21 жашында өлүм жазасына тартылганын билдирди.

"Жергиликтүү жана эл аралык коомчулуктун катуу каршылыгына карабай, эл аралык укук милдеттенмелерин бузуу менен бул өлүм жазасы ишке ашырылды. Муну менен Иран бийлиги балдар укуктарын эч капарга илбесин көрсөттү", - делет уюмдун Жакынкы Чыгыш боюнча директорунун орун басары Магдалена Муграбинин билдирүүсүндө.

Тажики 2012-жылдын майында кармалып, 2013-жылы адам өлтүрүүгө жана эркек менен эркекти жыныстык катнашка мажбурлаган деп өлүмгө өкүм кылынган. Айыпталуучу өзү соттук териштирүүлөр "ашкере акыйкатсыз" өткөнүнө жана тергөө учурунда кыйноолорго, ур-токмокко кабылганын айтып арызданган.

Ошондой эле Эл аралык мунапыс ушу тапта Иран абактарында 18 жашына чейин кылмыш кылып кармалган, азыр өлүм өкүмү аткарылчу күндү күткөн 89 адам бар экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG