Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Текебаев: Кан басымым көтөрүлүп кетиптир


"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев сот жүрүп жатканда өзүн начар сезе баштаганына кан басымы жогорулап кеткени себеп болгонун билдирди. Азыр ал кайра сот залына келди.

Бир нече мүнөт мурда ал сот залынан чыгып, "Тез жардамдын" доктурларына көрүнүп жатканы кабарланган.

Текебаевдин тарапкери Кайыргүл Урумканова анын жүрөгү кармаганын айткан.

Орусиялык жарандар Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде козголгон кылмыш иш боюнча "Ата Мекен" партиясынын лидери, парламенттеги фракциянын төрагасы Текебаев 1 миллион доллар пара алган, мурдагы ӨКМ башчысы Чотонов аны өткөрүп берген деп соттолууда. Өзүлөрү муну саясий куугунтук деп атап келет.

Кылмыш ишти козгогон Башкы прокуратура саясий себеп жок экенин айткан. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG