Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Текебаев сот учурунда өзүн начар сезип, "Тез жардам" чакыртылды


Өмүрбек Текебаев сот процесси жүрүп жатканда өзүн начар сезип, азыр аны дарыгерлер карап жатышат.

"Ата Мекен" партиясынын өкүлү Кайыргүл Урумканованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Текебаевдин жүрөгү кармап, өзүн жаман сезгендиктен доктурлар чакыртылды.

Жактоочусу "биз тыныгуудан жаңы кирип келатканыбызда ал оозу көгөрүп, отуруп калганын көрдүк" деп айтты.

Орусиялык жарандар Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде козголгон кылмыш иш боюнча "Ата Мекен" партиясынын лидери, парламенттеги фракциянын төрагасы Текебаев 1 миллион доллар пара алган, мурдагы ӨКМ башчысы Чотонов аны өткөрүп берген деп соттолууда. Өзүлөрү муну саясий куугунтук деп атап келет.

Кылмыш ишти козгогон Башкы прокуратура саясий себеп жок экенин айткан. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG