Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Текебаевдин ишин караган судьяга да медициналык жардам көрсөтүлдү


Айбек Эрнис уулу
Айбек Эрнис уулу

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун ишин карап жаткан маалда судья Айбек Эрнис уулу өзүн жаман сезгенгендиктен догдурлар келип карашты. Ага чукул медициналык жардам көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу сот залында отургандар сыртка чыгарылды. Ушул тапта сот иши кайра уланып жатат.

Ага чейин Текебаевдин да кан басымы көтөрүлүп кетип, ага "Тез жардам" чакыртылган.

Бүгүн түшкө чейин прокурорлор Текебаевди 10 жылга, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну, үй-мүлкүн мамлекетке чегерүүнү жана эркиндикке чыккандан кийин үч жыл мамлекеттик ишке аралаштырбоону соттон өтүнүшкөн.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотонов беш айдан бери УКМКнын тергөө абагында камакта. Алар "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жаранынан ири суммада пара алган деп айыпталууда. Бирок саясатчылар мындай дооматты четке кагып, коюлган айыптар далилденбегенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG