"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун соту жарыш сөз менен уланып жатат.
Текебаев кылмыш ишиндеги фигуранттардын бири "Талант Маматкеримовду 2010-жылы "Альфа телекомдун" директорлор кеңешине көрсөтүп, аракет кылган" деген айыпты четке кагып, аны сүрөөгө эч кандай кызыкчылыгы болбогонун билдирди.
Териштирүү жүрүп жаткан Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун залында Текебаев жана Чотоновдун жубайлары, айрым туугандары жана ЖК депутаттары Аида Салянова, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, ЖМК өкүлдөрү олтурат.
Орус жарандары Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин Текебаевге кийин көзү өтүп кеткен Талант Маматкеримов аттуу жаран аркылуу 1 млн доллар пара берилди деген көрсөтмөсүнүн негизинде Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кылмыш иш козгогон. Тергөөнү Улуттук коопсуздук комитети жүргүзгөн. Бул ишке катышы бар деп Чотоновго да айып тагылып, Текебаев экөө беш ай мурда УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
Соттолуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап келет. Ал эми Башкы прокуратура “тиешелүү далилдерге” негизделген иш экенин билдирген.
Тарапкерлер менен адвокаттар бүгүн сот өкүмү чыгышы мүмкүн экенин айтууда. (BkA/RK)