Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:03

Кытайга виза ачтырууга бир айлык мөөнөт берилет


Кытай элчилигинде жардыруу болгондон кийинки абалды күч кызматкерлери көзөмөлдөөдө. 2016-жыл
Кытай элчилигинде жардыруу болгондон кийинки абалды күч кызматкерлери көзөмөлдөөдө. 2016-жыл

Кытайга окуганы бараткан кыргызстандык студенттерге көмөк берүү үчүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Кытайдын элчилиги виза алууга бир айлык мөөнөт берүүнү макулдашышты. Бул тууралуу бүгүн ТИМ кабарлады.

14-августтан 15-сентябрга чейин жумасына үч күн, саат 15.00-16.00 кезекке туруп, визага документ тапшырса болот. Ошондой эле электрондук кезекке туруу да укугу берилет.

Былтыр 30-августта Кытай элчилигинин имаратына жанкечти унаасы менен кирип барып өзүн жардырып жиберген. Үч кызматкер жабыркап, имаратка зыян тийген. Бул окуядан кийин элчилик виза берүүнү токтоткон. (RK)

XS
SM
MD
LG