Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:21

Абдрахманов жана Самудинов: КСДПны кошоматчылар басып алды


Сагынбек Абдрахманов жана Ренат Самудинов
Сагынбек Абдрахманов жана Ренат Самудинов

"Биздин партиябызды контрреволюционерлер менен миллионерлер, мурдагы диктаторлордун чиновниктери менен кошоматчылар басып алды" деп билдиришти бүгүн КСДПдан чыгарылды деген Сагынбек Абдрахманов менен Ренат Самудинов.

Алар Бишкекте Апрель ыңкылабында курман болгондордун эстелигине гүл коюп, саясий билдирүү жасашты.

"...Ошол саясий кубулмалар биздин партиябызды тартып алууну чечишиптир. Уставды бузуп, жабык эшик артында, биздин оюбузду угуп коюуга да жарабай, көзүбүзгө тике кароодон жалтанып, бизди “партиядан чыгарышканын бүт өлкөгө жар салышты" деп айтылат билдирүүдө.

Алар президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаковду "Максим Бакиевдин оң колу" деп атап, "КСДП “раим-миллиондор”, басмачы же баскынчыларга эмес, бизге таандык. Бизге партиянын өзөгүн түзгөн ардагерлер колдоо жана тилектештик билдирип жатышат. Биз КСДПбыз. Биз партиянын кезексиз съезди чакыртылып, анын легитимсиз органдардын кайрадан шайланышын талап кылабыз жана ага күчүбүз жетет" дешти.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши жакында Абдрахмановдун партия чечимине баш ийбей президенттикке талапкер болгону, Самудиновдун партиянын ички тартибин бузганы үчүн КСДПнын катарынан чыгаруу чечимин кабыл алган.

Буга чейин "позициялар дал келбей калды" деген негизде депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан чыгарылган.

Ал эми аталган партиянын негиздөөчүсү, президент Алмазбек Атамбаев быйыл 24-июлда Ысык-Көлдө өткөргөн маалымат жыйынында 2020-жылдагы парламенттик шайлоого КСДПны таптай турганын айткан. Анда Атамбаев аталган фракциянын айрым депутаттарына нааразы экенин да белгилеген.

КСДП жана Сапар Исаков Абдрахманов менен Самудиновдун айткандарына азырынча жооп кайтара элек. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG