Бишкек мэриясы чукул эскертүү таратты. Алдыдагы үч саат ичинде шаарда жаан жаап, шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши ыктымал болуп жатканына байланыштуу жарандарды этият болууга чакырды.
Шаар башкармалыгы автоунааларды бактардын жана жеңил курулуштардын жанына койбоо керектиги да айтылды.
Зарыл учурда 185 жана 1840 кыска номурларына, 0554 -182-185 мобилдик номурга чалса болот.