Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Табигый кырсыктан жабыркагандарга ипотекалык насыя бериле баштады


Чоң-Алайда май айында жер титирөөдөн жабыркаган тургундар
Чоң-Алайда май айында жер титирөөдөн жабыркаган тургундар

Ош менен Жалал-Абадда табигый кырсыктан жабыркагандарга ипотекалык насыя бериле баштады. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалымат катчысы Зирек Асанова “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, “Бир терезе” системасы иштелип чыгып, насыя август айынан тарта бериле баштады:

- Алар 7 жыл мөөнөткө жылдык 7% менен 300 миң сом каражат ала алышат. Азыр бул программа Ош облусунун Өзгөн, Чоң-Алай жана Жалал-Абад облусунун Сузак райондоруна гана тиешелүү. Насыялоону мамлекеттик гана банктар ишке ашырат.

Сузак районунун акиминин орун басары Төрөгелди Түркбаев билдиргендей, учурда коопсуз жерге көчүү үчүн жер тилкесин алгандар "кызыл китеп" даярдап, насыя алууга документ чогултуп жатышат.

Быйыл жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен эки облус аймагында миңдей үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Өкмөттүн токтомуна ылайык табигый кырсыктан жабыркагандарга буга чейин берилип келген мамлекеттик ссудалар 2017-жылдын 1-январынан тартып токтотулган. (RsK)

XS
SM
MD
LG