Эл аралык мунапыс уюму Орусия аннексиялап алган Крымдын бийлигинен 76 жаштагы крым татарларынын активисти Сервер Караметовду абактан чыгарууну талап кылды.
10-августта тараткан билдирүүсүндө уюм Караметов "Паркинсон илдети менен жабыркаган абийир туткуну" экенин белгилеп, анын токтоосуз бошотулушун талап кылды.
Караметов 8-августта Крымдын борбору Симферополдо Орусиянын куугунтугуна кабылган дагы бир активист Ахтем Чийгозду жана башка активисттерди колдоо акциясына чыккан маалда кармалган.
Улгайган активистке полицияга баш ийбеди деген айып тагылып, 10 күнгө камалып, 10 миң рубль өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилген.
Орусияны крым татарларын куугунтукка алганы үчүн бир катар эл аралык уюмдар жана батыш мамлекеттери сындап келет.
Крым татарларынын көпчүлүгү Москванын Крымды аннексиялап алганына нааразы.
Орусия Украинага караштуу Крым жарым аралын 2014-жылы Батыш мамлекеттери жана Киев тааныбаган референдумду өткөрүү менен аннексиялап алган.