Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Текебаевдин сотуна экс-президент Отунбаева келди


Роза Отунбаева буга чейин Текебаевдин сотуна 22-июнда келген
Роза Отунбаева буга чейин Текебаевдин сотуна 22-июнда келген

Текебаев менен Чотоновдун сотуна бүгүн Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева жана УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев келди.

Текебаев жарыш сөздү улантууда. Ал Маевскийдин "пара бердим" деген сөзүнүн эч кандай далили жок экенин билдирди. Ал кылмыш иштин материалдарындагы күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү муну далилдей турганын, бирок мамлекеттик айыптоо алардын айрымдарын улам өзгөртүп, фактыларды бурмалап жатканын айтты жана Өмүрбек Абдрахманов, Леонид Маевскийдин айткандары бир нече жолу өзгөргөнүн мисал келтирди.

Орусиялык жарандар Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде козголгон кылмыш иш боюнча "Ата Мекен" партиясынын лидери, парламенттеги фракциянын төрагасы Текебаев 1 миллион доллар пара алган, мурдагы ӨКМ башчысы Чотонов аны өткөрүп берген деп соттолууда. Өзүлөрү муну саясий куугунтук деп атап келет.

Кылмыш ишти козгогон Башкы прокуратура саясий себеп жок экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG