Линктер

жекшемби, 16-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 11:48

Филиппинде күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болду


Баш калаа Маниладагы мектеп окуучулары коопсуз жайларга чыгарылды.

Кошмо Штаттардын Улуттук геологиялык кызматынын кабарлашынча, Филиппиндин түндүгүндөгү Лузон аралында күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Силкинүү баш калаа Манилада да сезилип, мектептердеги окуучулар жана имараттардагы кызматкерлер коопсуз жайларга чыгарылды.

Жабыр тарткандар боюнча азырынча эч кандай маалымат жок.

Зилзаланын очогу Батангас провинциясындагы Лиан шаарынын түштүк-чыгышында 173 чакырым тереңдикте жайгашканын Филиппиндин сейсмология институту билдирди.

Филиппин Тынч океандагы сейсмикалык активдүүлүгү жогору аймакта жайгашкан. Буга чейин күчү алты жарым баллга жеткен зилзала ушул жылдын февраль айында болгон. Анда 15 адам мерт болуп, жабыркагандардын саны 126га жеткен.

XS
SM
MD
LG