Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Ысык-Көлдө чет элдик турист каза болду


Ысык-Көлдө чет элдик турист каза болду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, бүгүн саат 9.00 чамасында Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө Тамчы айылында көл жээктен адам каза болду деп кабар түшкөн. Ал 74 жаштагы Швейцария жараны экени аныкталды. Жанында 53 жаштагы жубайы, кыргыз жараны да болгон.

- Жубайынын айтуусуна караганда, алар 9-август күнү көлгө эс алганы келип, бүгүн кайра кетишмек экен Бишкек шаарына. Эртең менен жолдошу көлгө түшүп келейин деп барып, сууга түшүп, кайра чыгып келатканда эле жүрөгү кармап жыгылып, ошол жерден каза болуп калган, - деди Усубакунов.

Аялынын айтымында, күйөөсү кан басымы жогору болуп, дарыланып жүрчү.

Усубакуновдун айтымында, каза болгон адамдын денесинен эч кандай криминалдык тактар табылган жок. (AsM)

XS
SM
MD
LG