Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Отунбаева: Текебаевдин иши саясий буйрук, соттор реформага муктаж


Роза Отунбаева
Роза Отунбаева

Кыргызстан сот реформасына муктаж болууда. Мындай пикирин бүгүн "Азаттык" радиосуна өлкөнүн экс-президенти Роза Отунбаева билдирди. Ал "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сотуна келип катышып, бул жараян саясий буйрук болуп жатканын, жалпы сот системасынын абалы тууралуу коом ичинде дискуссия зарыл экенин айтты:

- Сот реформасы дейбиз, бирок анын ашмалтайы чыгыптыр. Көрүп жатабыз. Бул сот саясий буйрук. Коомдо бул жөнүндө дискуссия жок болууда. Саясий буйрукту аткарган сот, прокурорлорду люстрацияга кетириш керек. Биз 2010-жылы Жогорку Соттун беш судьясын люстрация кылганбыз. Бирок алардын бир тобу кайра келип алып иштеп жатат.

Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун соту Бишкектин Биричи Май райондук сотунда 5-июнда башталган. Алар март айында камалган болчу. Учурда жарыш сөз жүрүп жатат.

Бүгүн эртең мененки 8:30да башталган сот дале уланууда. Адвокаттар жумуш убактысы бүткөнүн, процессти башка күнү улантуу керектигин айтышты, бирок судья Айбек Эрнис уулу керек болсо түнкү 11ге чейин уланарын айтты.

Соттолуучулардын жактоочулары жана тарапкерлери муну саясий буйрук, судья тез арада өкүм чыгарууга шашылууда деп баалап жатышат.

Саат 19:30га чейин бир сааттык танапис жарыяланган.

Орусиялык жарандар Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде козголгон кылмыш иш боюнча Текебаев 1 миллион доллар пара алган, мурдагы ӨКМ башчысы Чотонов аны өткөрүп берген деп соттолууда.

Кылмыш ишти козгогон Башкы прокуратура саясий себеп жок, соттолуучулардын айыбына жетиштүү далилдер бар экенин айткан. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG