Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:48

Чеченстандык энелер укук коргоо уюмдарына кайрылышты


Чечен энелеринин каты
Чечен энелеринин каты

Орусиянын Чеченстан жумуриятында дайынсыз жогологон бир нече чечен улутундагы жигиттердин энелери Европадагы укук коргоо уюмдарына кайрылып, жардам сурашты. Энелер алардын уулдарын бийлик жок кылып коюшу мүмкүн деп кооптонуп жатышат.

"Азаттык" радиосунун Түндүк Кавказ кызматына 10-августта он чакты эне кол койгон каттын көчүрмөсү түшкөн. Анда аялдар буга чейин орус бийликтерине кайрылганын, эч кандай майнап чыкпаганын жазышкан.

Бир ай мурда Орусиянын көз карандысыз "Новая газета" басылмасы өз булактарына шилтеме жасап, ушул жылдын январь айында Чеченстанда сотсуз жана тергөөсүз эле ондогон адамдар атууга кеткенин жазган. Айрым маалыматтарга караганда, бийлик тарабынан жок кылынгандардын саны элүүдөн ашкан. Макалада жок кылынган жарандар 2016-жылдын декабрь айында, Грозныйдагы полиция бекетине жасалган кол салуудан кийинки атайын операция маалында кармалышкан.

Чеченстандын бийлиги мындай дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG