Египеттин маалымат каражаттары кабарлагандай, эки жүргүнчү поезддин кагылышуусунан кеминде 18 адам мерт кетип, 50дөн ашууну жарадар болду.
Мамлекеттик телеканал кырсык Жер Ортолук деңизинин боюндагы Александрия шаарында 11-августта болгонун маалымдады.
Соңку жылдары Египетте темир жол кырсыктары көп катталат.
2012-жылы өлкө түштүгүнө бараткан поездде өрт чыгып, 360 киши курман болгон.