Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

Өзбекстан: эфирде көз кыскан депутаттын жоругу талкууга түштү


Дилфуза Жалилова
Дилфуза Жалилова

Өзбекстан парламентинин депутаты Дилфуза Жалилованын мамлекеттик телеканалдын түз эфириндеги жоругу медианын жана коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү.

Жергиликтүү булактардын кабарына ылайык, "Миллий тикланиш" (Улуттук кайра жаралуу) партиясынан шайланган депутат Жалилова кесиптештери менен чогуу "Узбекистон" телеканалындагы ток-шоуго чакырылган. Берүүдө мамлекеттен сыртка мыйзамсыз жол менен чыгарылып кеткен тарыхый эстеликтер маселеси талкууланган.

Студиядагылардын "Мындай иштерди токтотууда депутаттардын ролу, көзөмөлү барбы?" деген суроосуна Жалилова текебер үн менен "Бар, бар, ролубуз бар" деп жооп берип, кесиптештерине карап көз кысып койгон.

Депутаттын бул жоругу жазылган тасма дароо интернетке тарап, социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына кабылган жана анын сөздөрү жалган экенин, ошондуктан көз кысып жатканын айтып чыгышкан.

Кийинчерээк жергиликтүү интернет сайттарда да депутаттын жоругу негизги темага айланды.

XS
SM
MD
LG