Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:43

Шайлоо-2017: Президент болом дегендерден 51 киши калды


Кыргызстанда президенттикке талапкерлигин коюу максатында БШКга арыз жазгандардан 51 киши калды. Алардын да айрымдары тизмеден чыгышы мүмкүн. Кимдер президенттик талапкер болуп катталаары боюнча акыркы чечим 9-сентябрда жарыяланат. Бул тууралуу "Азаттыкка" БШК төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Талапкер болууга алгач 59 кишиден арыз түшкөн. Эреже боюнча, өзүн колдогон 30 миңден кем эмес адамдын кол тамгасын БШКга тапшырып, миллион сом күрөө коюп, кыргыз тилинен тест тапшырган, 35 жаштан өткөн, соттолбогон кишилер талапкер болуп катталат.

Азырынча "талапкер" макамы "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариевге гана берилди. Башкалардын талаптарды аткаруу жараяны уланууда.

Президенттикке талапкер катары арыз жазган "Ата Мекен" партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин мамлекеттик тил сынагынан өтүүсү үчүн БШКнын шарт түзбөгөндүгү олуттуу сынга кабылууда.

Оппозициячыл саясатчылар Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдун соту дүйшөмбү күнү улантылмакчы. Жума күнү (11ңавгустта) жарыш сөз маалында Текебаев орус жараны Маевскийдин "пара бердим" деген сөзүнүн эч кандай далили жок экенин билдирген.

(SE)

XS
SM
MD
LG