Пакистан бийлиги 11-августтагы жарылуудан бери дегенде үч адам мерт кетип, 25 киши жараат алганын билдирди. Окуя Ооганстан менен чектеш Бажаур аймагында болгон. Жергиликтүү бийлик бомба жарылганын маалымдады.
Бажаур - талиптердин жана башка эстремисттик топтордун уюгу жайгашкан аймактардын бири.