Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:11

Түндүк Кореяда эки жылдан бери камакта жаткан пастор Канадага кайтты


Түндүк Кореяда эки жыл камакта жаткан канадалык пастор (дин кызматкери), теги корей Хён Су Лим Канадага кайтты. Түндүк Кореянын маалымат булактары кабарлагандай, ал саламаттыгы начарлаганы үчүн эркиндикке чыгарылды.

2015-жылдын декабрында Түндүк Кореянын Жогорку соту Хён Су Лимди "мамлекетке каршы аракеттенген" деп айыптап, өмүр бою соттогон. Ал адамдарга Түндүк Кореядан качып кетүүгө жардам бергенин эл көзүнчө айтып, кечирим сураган эле.

Хён Су Лим гуманитардык миссиянын өкүлү катары Түндүк Кореяга бир канча жолу барып, ал жактагы туугандарынан кабар алып жүргөн.

XS
SM
MD
LG