Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Cирияда жарандык коргоо отрядынын өкүлдөрү мерт кетти


Калабада элге жардам берип жүргөн "Ак туулга" отрядынын өкүлдөрү. Декабрь, 2016-жыл.
Калабада элге жардам берип жүргөн "Ак туулга" отрядынын өкүлдөрү. Декабрь, 2016-жыл.

Сирияда "Ак туулга" деп аталган жарандык коргоо отрядынын жети кызматкери набыт болду. Алардын баары дарыгерлер экени кабарланууда. Associated Press агенттиги тараткан маалыматка ылайык, отряддын Сармин шаарындагы кеңсесине ишемби күнү кол салуу болгон. Белгисиз кишилер кеңседеги буюмдарды уурдашкан.

Сириядагы адам укуктарына көз салган, баш кеңсеси Лондондо жайгашкан уюмдун маалыматына ылайык, кол салуу учурунда кеңседе жети киши болгон. Алардын баштарына ок тийген. Сөөктөрдү кезметке келген башка кесиптештери тапкан.

Азырынча бул кол салууга эч ким жоопкерчилик алган жок.

Сармин шаары Идлиб провинциясына карайт. Кол салуу уюштурулган аймак оппозициянын көзөмөлүндө экенин "Ак туулганын" өкүлү билдирди.

XS
SM
MD
LG