Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Пакистанда жүк унаасындагы бомба 15 адамды набыт кылды


Пакистан.
Пакистан.

Пакистандын Кветта шаарында аскерлердин жүк унаасына орнотулган бомбадан 15 киши мерт кетти. Алардын сегизи жоокерлер, жетөө жайкын тургундар. Окуя 12-августта болду.

Расмий маалыматка ылайык, жардыруудан дагы 25 киши жараат алды. Алардын 15и жөнөкөй жашоочулар. Бомба жеке бейтапканага жакын жерде жарылган. Азырынча бул кол салууга эч кайсыл топ жоопкерчилик ала элек.

Кветта шаары Пакистан менен Ооганстан чек арасына жакын. Калаа жайгашкан Белужистан провинциясы Иран менен да чектешет.

Балух деп аталган жикчилдер тобу аталган провинциядагы минералдык жана газ ресурстарына ээлик кылууга аракет кылып келет. Андан тышкары, бул аймакта "Талибан" тобунун да уюктары да бар.

XS
SM
MD
LG