Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:00

Өзбекстандын өкмөт башчысы эмки аптада Кыргызстанга келет


Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны 15-17-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтөт. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов баштаган расмий делегация катышат.

7-августта кыргыз премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Абдулла Арипов менен телефондө сүйлөшкөн.

Ал эми чек араны тактоо боюнча 5-августта Наманганда башталган кезектеги сүйлөшүү 13-августта аяктады.

2016-жылдын соңунан бери эки мамлекеттин тийиштүү адистери он бешинчи ирет жолугушушту. Эки өлкөнүн расмийлери тең сүйлөшүүлөр жакшы маанайда өтүп жатканын, жылыштар бар экенин белгилешет. Бирок азырынча маселе качан аягына чыгаары айтыла элек.

Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасы 1378 чакырымга созулат, анын 320 чакырымы такталып бүтө элек. Талаш аймактарда буга чейин бир канча жолу жаңжал катталган.

XS
SM
MD
LG