Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:12

Кыргыз-казак чек арасына жакын жердеги атышууга кыргыз жарандарынын тиешеси жок


Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы "кыргыз-казак чек арасында 12-август күнү атышуу болгону" тууралуу кабар боюнча комментарий берип, окуя Казакстандын ичинде, чек ара тилкесинен алыста болгонун маалымдады.

"Атышууга кыргыз жарандары аралашкан эмес, кыргызстандыктардын ага тиешеси жок", - деди Чек ара кызматынын басма сөз катчы Салкын Абдыкариева.

Мурдараак Кыргызстандын жана Казакстандын айрым маалымат булактары Казакстандын Чек ара кызматына шилтеме жасап, чек арада атышуу болгонун, андан бирөө каза тапканын жазышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG