Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

Ооганстанда ИМ тобунун лидерлеринин бири өлтүрүлдү


Ооганстан.
Ооганстан.

Ооганстанда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун эмирлерини бири Абдул Рахман жок кылынды. АКШ армиясынын өкүлдөрү 13-августта тараткан кабарга ылайык, окуя үч күн мурда болгон.

Абдул Рахман Ооганстандын чыгышындагы Кунар облусунда согушкерлердин уюгуна АКШ аскер күчтөрүнүн абадан берген соккусунда мерт кетти. Кол салуудан террорчул топтун дагы үч активдүү мүчөсү өлтүрүлгөн.

АКШ генералы Жон Николсон Абдул Рахмандын өлүмү "Ислам мамлекети" радикал тобуна каршы кезектеги сокку экенин айтып, Ооганстандагы жоочуларды жыл аягына чейин багынтууга убада берди.

XS
SM
MD
LG