Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:03

Карла дель Понте: Асадды жазага тартуу керек


Карла дель Понте - Швейцариянын экс-баш прокурору, Руанда жана мурдагы Югославия боюнча эл аралык трибуналдын мурдагы прокурору.
Карла дель Понте - Швейцариянын экс-баш прокурору, Руанда жана мурдагы Югославия боюнча эл аралык трибуналдын мурдагы прокурору.

Эл аралык прокурор Карла дель Понте Сириядагы кылмыштарды иликтегенде президент Башар Асадга айып тагууга жетиштүү далилдер бардыгын билдирди.

Карла дель Понтенин аты Африканын Раунда жана мурдагы Югославия өлкөлөрүндөгү аскер кылмыштарын иликтөөдө дүйнөгө таанылган. Ал өткөн жумада нааразылык иретинде Улуттар Уюмунун Сирия боюнча комиссиясынан чыга турганын жарыялаган. Прокурор Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Сириядагы аскерий кылмыштарга күнөөлүүлөрдү жазага тартуу үчүн атайын трибунал түзбөй жатканына нааразы экенин билдирген.

Дель Понтенин пикири боюнча жоопкерчиликке тартыла тургандардын арасында Башар Асад дагы болушу керек. Прокурор Сириядагы аскер кылмыштары боюнча Улуттар Уюмунда жетиштүү далил бардыгын жүйө келтирет.

Сирия боюнча аскер трибуналын түзүүгө каршы болгондордун бири, Коопсуздук кеңешинде вето укугу бар Орусия. Москва Асаддын бийлигинин жакын союздашы экени белгилүү.

XS
SM
MD
LG