Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:00

Шайлоо-2017: Тил сынагы жыйынтыкталууда


Президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн кыргыз тилинен тест жыйынтыктала баштады. Бүгүн Акбаралы Айтикеев, Талгатбек Кожогулов, Полотбек Кенжекулов жана Акылбек Мансуров тапшырышат.

Азыркыга карата тестке 37 жаран катышып, дээрлик баары ийгиликтүү өттү, бирөө гана, ишкер Руслан Жунусов 46 балл алып, өтпөй калган.

15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого талапкер макамы тил боюнча тесттен өтүп, 30 миңден кем эмес кол топтоп, 1 миллион сом күрөө кое алгандарга ыйгарылат. Эң жогору упай алгандар азырынча Адахан Мадумаров (96,77) Турсунбек Акун (94,75) жана Сооронбай Жээнбеков (94,6).

Тестирлөө өткөрүүнүн эрежелери жөнүндө Жободо “Эгерде талапкер тест боюнча зарыл болгон жалпы баллды топтой алса (бардык субтесттердин суммасынын 60% ашса) ага В2 (“Ортодон жогору”) деңгээлде мамлекеттик тилди билээрин ырастаган Улуттук комиссиянын сертификаты берилет. Эгерде талапкер 100% ичинен 60% аз балл топтосо, ага субтесттер боюнча алган баллы көрсөтүлгөн маалымкат берилет” деп белгиленген. Ал эми сынактан ийгиликтүү өткөн талапкерлерге Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификаты тапшырылат.

Тесттин планына ылайык, акыркы сынак 16-августта өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG