Казакстан жакын арада кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” жана “Кара-Суу” көзөмөл-өткөрмө бекеттерин байланыштыруучу көпүрөнү куруу иштерин каржылай баштайт.
Бул тууралуу кечээ кечинде Астанада өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда казак премьери Бакытжан Сагинтаев билдирди.
Ошондой эле «Кең-Булуң” жана «Токмок» бекеттеринин макамын эки тараптуудан көп тараптууга өзгөртүү каралып жатканы белгилүү болду.
Бүгүн Казакстандын борбору Астана шаарында Евразия экономикалык биримдигинин өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Ага Кыргызстандан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган расмий делегация катышат. (RK)