Борбордук шайлоо комиссиясы “Өзүңдү тизмеден текшер!” маалымат өнөктүгүн баштады. Шайлоочулар тизмеси кандайча түзүлгөнү жана добуш берүү тартиби кандай болору тууралуу бүгүн Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйын куруп айтып берет.
9-августта Мамлекеттик каттоо кызматы президенттик шайлоодо добуш бере турган жарандардын алдын ала тизмесин Боршайкомго өткөрүп берген. Тизмеге 18 жаштан жогору курактагы, биометриялык каттоодон өткөн 2 миллион 914 миң 588 шайлоочу кирди.
15-августтан тарта тизмелер шайлоо бекеттеринде илинет. Ар бир жаран алар менен таанышып, өзү тууралуу маалыматты тактап, эгер оңдоп же кошумчалаш керек болсо, шайлоо комиссиясына кайрылышы зарыл.
15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. (RK)