Ирак Сауд Арабиясы менен Ирандын ортосундагы мамилени жөнгө салууга ортомчу боло алат. Бул тууралуу Ирактын жана Ирандын жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлады.
Ирактын ички иштер министри Касим ал-Арражинин айтымында, Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман анын өлкөсүнө кайрылып, Эр-Рияд менен Тегерандын ортосундагы чыңалууну басаңдатууга көмөк сурады.
«Тынчтык, туруктуулук жана Иран менен Сауд Арабиясынын ортосунда ымаланын оңолушу жалпы аймак үчүн пайдалуу», - деп билдирди Арражи Тегеранга барып келгенден кийин.
Анын иран кесиптеши Абдолреза Рамани Фазли “Тегеран Сауд Арабиясы менен жакшы мамиледе болууга ар дайым умтулуп келет. Иран аймактагы мамлекеттер менен натыйжалуу кызматташтык саясатын жүргүзөт жана кайсы бир өлкө менен мамиленин бузулушун биринчи болуп баштаган эмес” деп айтты.
Сауд Арабиясы азырынча бул сүйлөшүүлөргө байланыштуу комментарий бере элек.
Сунни мусулмандары басымдуулук кылган Сауд Арабиясы жана шийилер башкарган Иран көптөн бери жакынкы Чыгыштагы үстөмдүк ролу үчүн атаандашып келатканы белгилүү.