Бүгүн Казакстандын борбору Астана шаарында Евразия экономикалык биримдигинин өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Ага Кыргызстандан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган расмий делегация катышат.
Күн тартибинде соода-сатыкты жакшыртуу, санарип долбоорлорду ишке ашыруу, биримдик аймагында иштеген жарандардын пенсиялык камсыздалуусу, орток транспорттук саясат боюнча маселелер бар.
Иш-чара алкагында Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен эки тараптуу жолугушуу өтөрүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенине быйыл эки жыл болду. Анда Армения, Беларус, Казакстан, Орусия жана Кыргызстан аймагында товарды бажы көзөмөлүсүз сатууга шарт түзүү каралган. (RK)