Президенттик шайлоо алдында бириккен төрт саясатчыдан бирдиктүү талапкердин аты ушул айдын аягына жакын белгилүү болот. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров билдирди.
Мадумаров менен кошо “Ата-Журт Мекенчил” партиясынын теңтөрагалары Акматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев жана “Өнүгүү Прогресстин” лидери Бакыт Төрөбаев 6-августта келишимге кол коюп, жаңы партия түзүү жана бирдиктүү талапкерди колдоо тууралуу айтып чыгышкан болчу.
Дем алыш күндөрү алар Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдырып, эл менен жолугушту. Ош шаарындагы жолугушууда суроолорго жооп берип жатып Адахан Мадумаров бирдиктүү талапкердин аты партиянын съездинде белгилүү болорун айтты:
- Кеп төртөөбүздүн бириктик деп айтканыбызда эмес. Эң күчтүү маселе бул жерде – төртөөбүз кандай гана учур болбосун, бир талапкердин артынан чыгабыз дегенде. Айырма жок. Аны угасыздар съездде, буюрса.
15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. (RK)