Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

Бекназаров: Соттогу көрсөтмөмдү сыртта сүйлөшпөйм


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин соту боюнча интернетке тараган аудио тууралуу саясатчы Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” комментарий берди. Ал сотто берген көрсөтмөлөрү тууралуу сыртка чыкканда сүйлөшпөй турганын жана сотко кайра барса деле мурдагы маалыматтарын эле айтарын белгиледи.

- Сотто жалган маалымат берсе ал жерге кол койобуз. Эгер жалган айтты десе, кайра сотко миң жолу алып барса деле мен ошол сөзүмдү айтам. Мени 20 жылдан бери жаздыртып, далай жолу эле көрсөтүп келатпайбы, Бекназаров минтип айтты деп. Бул УКМКнын иши да. Биринчи жолу болуп жатабы? Азыр көрүнгөн кишиге Бекназаровду туурап кой десе, менин өлүп калган чоң атамдын сөзүн деле туурап койо берет. Мен көрүнгөн жерде, көчөдө, кафе-ресторанда сотто берген көрсөтмөмдү кайталап жүрбөйм да. Ал аудиону көргөн, уккан жокмун.

Интернетке “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин соту боюнча саясатчы Азимбек Бекназаров менен “Ата Журт” партиянын лидери Камчыбек Ташиевдики делген аудио тарады. Анда эки саясатчы чай үстүндө сотто берген көрсөтмөсү тууралуу сүйлөшүшкөн. Бекназаровдукуна окшош үн: “Сөөгүн агарткыча калп айттым. Ар калпты айткан сайын Кудай өзүң кечир деп аттым” деп сүйлөгөн. Ал эми Ташиев сотто көрсөтмө берер алдында Текебаевден кат алганын айткан.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, экс-элчи Дүйшөнкул Чотонов коррупция беренеси боюнча айыпталып жатат. Текебаев-Чотонов сотунда жарыш сөз уланууда. Учурда Текебаев соңку сөзүн сүйлөп жатат. Ал интернетке тараган аудио боюнча айтып, "Кудайдан кечирим суроонун кереги жок. Бекназаровдун айткандары факт” деп билдирди. Ал үч башка жердеги аудио бириктирилип монтаждалганын белгиледи. (КЕ/UEz)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG