Бишкекте президенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү жана шайлоочуларга маалымат жеткирүү боюнча тегерек үстөл өтүүдө. Ага Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген айрым талапкерлер, БШК мүчөлөрү, бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү катышууда. Айрым талапкерлер 50дөн ашуун адам БШКга арыз бергени менен, аталган жыйынга он чакты адам гана катышып жатканын сынга алды. Арыз тапшыргандардын бири Турсунбек Акун:
- Бул жыйынга эки бөлүп чакырдыңарбы? Өтө тургандар жана өтпөй турган талапкерлер деп. Менин байкашыма караганда бул жерге өтпөй турган талапкерлер келгендей.
Уюштуруучулардын бири, жарандык активист Динара Ошурахунова бардык талапкерлерге маалымат берилгенин, айрымдары өкүлдөрүн жибергенин билдирди.
15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Үгүт кампаниясы 10-сентябрда башталат. Ал эми 15-августтан тарта тизмелер шайлоо бекеттеринде илинет. Ар бир жаран алар менен таанышып, өзү тууралуу маалыматты тактап, эгер оңдоп же кошумчалаш керек болсо, шайлоо комиссиясына кайрылышы зарыл. (КЕ)