“Өнөр-жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыгын коргоо партиясынын” төрагасы Акбаралы Айтикеев Кыргызстандагы президенттик жарышка катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов “Азаттыкка” билдирди. Айтикеев алдын ала түзүлгөн график боюнча бүгүн кыргыз тилден сынак тапшырышы керек болчу.
Акбаралы Айтикеев буга чейин 2005-, 2009- жана 2011-жылдардагы президенттик шайлоолорго талапкер катары катышкан.
14-августка карата алдыдагы саясий жарышка аттануу ниетин билдирип, БШКга кайрылгандардын саны тогузга кыскарып, 50 талапкер калды. Алардын ичинен “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевге гана расмий талапкер макамы берилген.
Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. (КЕ)