Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:23

Комсомол көлүнө чөгүп бараткан бала куткарылды


Куткаруучулар 13-августта Бишкектин четиндеги Комсомол көлүнө чөгүп бараткан 12 жашар баланы куткарып калышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Ушул эле күнү аталган министрликтин куткаруу кызматы Чоң-Чүй каналынан 40-45 жаштагы аялдын сөөгү табылганын жана милицияга өткөрүлүп берилгенин билдирди.

Аталган мекемеден билдиргендей, 12-август күнү Ысык-Көлдө 19 жаштагы адам чөгүп кетип, суучулдар анын жансыз денесин 13-августта эртең менен табышкан. Маркумдун сөөгү жергиликтүү милицияга өткөрүлүп берилди.

Адистер сууга түшүү учурунда коопсуздук эрежелерине өзгөчө көңүл буруу керектигин эскертүүдө.

Министрликтин маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери 113 адам сууга чөгүп каза болгон. Анын 33ү балдар. Аймактардан сууга чөккөндөр эң көп Чүй облусунда катталган. Соңку үч жылда сууга чөгүп каза болгондордун саны кескин өстү. Акыркы алты жылда мындай кырсыктан жалпы 500дөн ашык адам мерт болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG