Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:04

Арстанбапта алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өттү


Базар-Коргон районунун Арстанбап эс алуу жайында алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдеш кечээ, 13-августта жыйынтыкталды. Облустук бийликтин басма сөз кызматы билдиргендей, мелдешке Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарынан жана коңшу Тажикстандан балбандар катышты. 60тан 100 кг салмакка чейинки 300гө чукул балбан күч сынашып, жыйынтыгында женүүчүлөргө жылкы жана акчалай сыйлыктар берилди. Биринчи орунга Чаткал жана Араван райондорунан келген балдар, кийинки орундарга Талас жана Баткенден келген балбандар ээ болушту.

Мелдешти өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү уюштуруп, аны көрүүгө Жогорку Кеңештин да бир топ депутаттары келген. Арстанбапта алыш күрөшү боюнча мелдеш акыркы беш жылдан бери август айында өткөрүлүп келет. (RsK)

XS
SM
MD
LG