Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Шарлотсвиллдеги кол салууга шектелген адамдын соту башталууда


Демонстранттарды тебелеткен унаа
Демонстранттарды тебелеткен унаа

Бүгүн АКШнын Шарлотсвилл шаарында эки күн мурдагы кол салууга шектелген 20 жаштагы Жеймс Алекс Филдстин соту болот. Ал киши өлтүрдү деген айып менен камакка алынган.

12-августта Шарлотсвиллде ашынган-оңчул активисттерге каршы акциянын катышуучуларын автоунаа тебелетип кеткен. Андан 1 аял мерт кетип, 19 киши жаракат алган.

Автоунааны айдоочусу деп шектелген Жеймс Алекс Филдске адамдарды атайылап жарадар кылган жана окуя болгон жерден качып кеткен деген сыяктуу кошумча айыптар да тагылмакчы.

Шаардык бийлик уруксат берген митингде ак расанын үстөмдүгүн жактоочулар менен каршылаштарынын ортосунда чатак чыккан.

XS
SM
MD
LG