Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:32

Кыргыз-орус өкмөт башчылары Астанада жолукту


Сооронбай Жээнбеков жана Дмитрий Медведев.
Сооронбай Жээнбеков жана Дмитрий Медведев.

Кыргызстан менен Орусиянын премьер-министрлери Сооронбай Жээнбеков жана Дмитрий Медведев Казакстан борбору Астана шаарында бүгүн, 14-августта жолугушту. Өкмөт башчылар эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы кызматташуулар тууралуу сүйлөштү. Жээнбеков эки өлкө ортосундагы товар алмашуунун көлөмүн көбөйтүү зарыл экенин белгилеген. Өз кезегинде Медведев Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын жаңы топторунун көптүгүнөн улам товар алмашуу жогорулаганын айтты.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын жарым жылында Орусия менен товар алмашуу 500 млн долларды түзгөн.

Бүгүн Казакстандын борбору Астана шаарында Евразия экономикалык биримдигинин өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Ага Кыргызстандан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган расмий делегация катышууда.

Күн тартибинде соода-сатыкты жакшыртуу, санариптик долбоорлорду ишке ашыруу, биримдик аймагында иштеген жарандардын пенсиялык камсыздалуусу, орток транспорттук саясат боюнча маселелер бар. Кыргыз-орус өкмөт башчылары ушул жыйындын алкагында жолукканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG