Крым жарым аралынын Симферопол шаарында "паркинсон" оорусунан жабыркаган 76 жаштагы активист Сервер Караметовдун камакка алынышына нааразылык билдирип чыккан беш татар активисти кармалды. Алар 14-августта Орусиянын көзөмөлүндөгү Крымдын Жогорку Сотунун, Ички иштер министрлигинин, өкмөт жана парламент имаратынын алдында пикет уюштурушкан. Адвокат Эмил Курбединов кармалгандардын арасында кесиптеши Эдем Семедляев бар экенин ырастады.
Активист Сервер Караметов 8-августта крым татарларын колдогон акция маалында кармалган. Ага полицияга баш берген жок деген жүйө менен 10 миң рублдук айып пул салынып, 10 күнгө абакка кесилген. "Эл аралык мунапыс" уюму Караметовду дароо бошотууга чакырган.
2014-жылы Крымга көзөмөлүн орноткон Орусия крым татарларынын укугу бузулуп жатат деген билдирүүлөрдү четке кагып келет.