Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:26

Садыр Жапаровдун адвокаты шаардык сотко арыз жазды


Садыр Жапаров сотто.
Садыр Жапаров сотто.

"Мекенчил" партиясынын лидери Садыр Жапаровдун адвокаты Биринчи май райондук сотунун чечимине макул болбой, шаардык сотко арыз жазды. Бул тууралуу саясатчынын жубайы Айгүл Жапарова бүгүн “Азаттык” радиосуна билдирди. Арыз шаардык сотко 11-августта берилди.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкты уюштурду деп күнөөлөнүп жаткан Жапаровдун өкүмү 2-августта угузулган.

Ал Кылмыш кодексинин 113 (адам өлтүрүүгө аракеттенүү), 341 (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү), 234 (бейбаштык) беренелери боюнча акталды, бирок 227 (бийлик өкүлүн барымтага алуу) беренеси боюнча 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилген.

Жогорку Кеңешке мурдагы чакырылышта депутат болгон Жапаров быйыл 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ал өзүнө коюлган айыпты негизсиз деп эсептейт.

Ал эми Жапаровду кармоо учурунда УКМКнын алдына митингге чыгып, камалган 12 кишинин соту 18-августка жылды. Буга адвокаттын келбей калганы себеп болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG