Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Орусия: Дагестанда куралдуу топтун лидери жок кылынды


Дагестандын борбору Махачкала
Дагестандын борбору Махачкала

Орус бийлиги Түндүк Кавказдагы Дагестан аймагында куралданган кылмыштуу топтун лидери өлтүрүлгөнүн билдирди. Террорчулукка каршы улуттук комитет 14-августта кабарлагандай, "Хунзах" деген атка конгон топтун башчысы Хаджимурад Гаджиев жекшембиде Орота айылындагы атайын операция маалында жок кылынган.

Гаджиев көп жылдан бери Орусиядагы эң көп издөө салынган адамдардын арасында болчу. Орус бийлигинин бул билдирүүсүн азырынча көз карандысыз булактар тастыктай элек.

Бийлик Гаджиевдин тобун 2014-жылы мусулман диниятчысын өлтүргөн жана ишкерлерден акча өндүргөн деп айыптап келет.

XS
SM
MD
LG