Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-августта Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлады.
Мамлекет башчылар кыргыз-орус кызматташуусундагы маанилүү маселелерди жана мындан ары жасалчу иштер туурасында сүйлөштү. Мындан сырткары Атамбаевдин быйыл 19-25-июнь күндөрү Орусияга жасаган мамлекеттик сапарында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жолдору талкууланды. Ошондой эле президенттер алгач Бишкекте, кийин Ысык-Көлдө уланган “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” аттуу эл аралык форум тууралуу пикир алмашты. (КЕ)