Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:24

Украина Түндүк Кореяга техника жөнөткөн деген кабарды төгүндөдү


Украинанын Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Александр Турчинов.
Украинанын Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Александр Турчинов.

Украинанын бийлиги Түндүк Кореяга ракеталык технологияларды эч качан жөнөтпөгөнүн билдирип чыкты. Андан мурдараак "Нью-Йорк Таймс" басылмасы эксперттерге шилтеме кылып, Пхеньян ракеталардын моторлорун украин фабрикасынан сатып алган болушу мүмкүндүгүн жазган.

"Украина ракетанын моторлору же кайсы бир ракеталык технологиялар менен Түндүк Кореяны эч качан камсыз кылган эмес",-деп билдирди 14-августта Украинанын Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Александр Турчинов.

"Нью-Йорк Таймста" жарыяланган макалада Түндүк Корея июль айында сыналган континенттер аралык ракетасынын моторлорун Украинадагы Днипро шаарындагы ракета фабрикасынан алышы мүмкүндүгү айтылган.

XS
SM
MD
LG